Ош. Студенттик жатаканаларда орун талаш

Ош шаарындагы студенттик жатаканалар быйыл эрте толуп, орундар жетишпей жатканы айтылууда. Муну ОшМУнун тарбия иштери боюнча департаментинин башчысы Замир Божонов да ырастады. "Быйыл жатаканада жашай турган студенттер көп. Аларга колдон келишинче шарт түзүп жатабыз, айрым бөлмөлөргө кошумча керебеттер коюлууда",- деди ал.

Айта кетсек, бүгүнкү күндө Ош мамлекеттик социалдык университетинде 10 миң студент билим алат. Окуу жайда 300 орундуу 1 гана жатакана бар. Ош технологиялык университетинде 11 миң студент болсо, окуу жайдын 450 орундуу 1 жатаканасы бар. 27 миң студенти бар Ош мамлекеттик университетинде 7 студенттик жатакана болсо, андагы орундуктар 1655 студентке ылайыкталган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан