Жалал-Абад. Токтогулдагы Бел-Алды айылынын 27 чакырым жолу оңдолду

Жалал-Абаддын Токтогул районуна караштуу Бел-Алды айылынын 27 чакырым жолу оңдолуп, кум-шагыл төшөлдү. Аталган айыл өкмөттүн башчысы Таалай Жайыловдун айтымында, жолдо аң-чуңкур жайнап буга чейин элдин күнүмдүк тиричилигине көйгөй жаратып келген. Жолдун оңдолушуна жергиликтүү жашоочулар зор салым кошконун айтат айыл жетекчиси. "Жол курууга 730 миң сом сарпталдды. Анын 30 миң сому жергиликтүү бюджеттен, 100 миң сому демөөрчүлөр тарабынан берилсе, 600 миң сомун жашоочулар топтоп беришти",- дейт Жайылов. 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан