Алмазбек Атамбаев "биздин алдыбызда ШКУнун позициясын эл аралык аренада мындан аркы бекемдөө маселеси турат" деди

Бүгүн, 13-сентябрда "Ала-Арча" мамлекеттик резиденциясынын Конгресс-холлунда Саммиттин бардык катышуучулары чогуу сүрөткө түшкөн соң Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин башчыларынын Кеңешинин кеңейтилген курамдагы отуруму өтүп жатат. Президент Алмазбек Атамбаев өз сөзүндө курчап турган чөйрөнү жана дүйнөдөгү био ар түрдүүлүктү коргоо максатында, ушул жылдын 23-октябрында Бишкекте Ак илбирсти сактоо боюнча Бүткүл дүйнөлүк форум өтө турганын айтты. Президент мамлекеттик түзүмдөрдүн жана илимий чөйрөнүн өкүлдөрүн жаратылышты коргоого арналган бул иш-чарага катышууга чакырды.

“Бүгүн биздин алдыбызда ШКУнун позициясын эл аралык аренада мындан аркы бекемдөө маселеси турат. Биз ШКУну эл аралык жана аймактык башка түзүмдөр менен байланышын интенсификациялоого алган багытыбыз туура. Муну менен бирге уюмга байкоочу мамлекеттер, диалог боюнча өнөктөштөр менен да кызматташтыкты тереңдетүүнү жана диверсификациялоону маанилүү деп эсептейм. Шанхай кызматташтык уюму, эл аралык мамилелердин толук укуктуу субъекти катары ШКУ Хартиясында белгиленген максаттарды жана милдеттерди иш жүзүнө ашырууда ири потенциалга ээ”,- деди Алмазбек Атамбаев.   

Өз сөзүн жыйынтыктап жатып, мамлекет башчы уюмдун келечеги кең экендигине бекем ишенерин билдирди.  

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан