Көк бөрү боюнча Азия чемпиондугу: Кыргызстан финалга чыкты

Казакстандын Астана шаарында өтүп жаткан Азия чемпиондугунда Кыргызстан курама командасы финалга чыкты. Бүгүн, 13-сентябрда кыргызстандык улакчылар Кытай командасы менен беттешип 12:0 эсебинде жеңди. Айта кетсек, буга чейинки беттештерде Кыргызстан командасы Өзбекстандын командасын 11:1, түркиялыктарды 16:3 эсебинде утушкан эле. Мелдешке Кыргызстан, Казакстан, Орусия, Өзбекстан, Кытай, Монголия жана Тажикстан командалары катышып жатат. Финалда кыргызстандыктар Казакстандык улакчылар менен күч сынашат. Ал эми 2-3-орундар үчүн Кытай менен Тажикстан беттеше турганын Дене тарбия жана спорт агенттиги кабарлады. 

 

  
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан