13-сентябрда президент Алмазбек Атамбаев Шанхай кызматташтык уюмунун саммитинен кийин Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон менен жолугушту. Жолугушууда Алмазбек Атамбаев Эмомали Рахмонду ШКУга төрагалык кылуусунун башталышы менен куттуктады.
Рахмон мырза кесиптешин Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттеринин Башчыларынын Кеңешинин Бишкектеги отурумунун ийгиликтүү өтүшү менен куттуктап, уюштуруу деңгээлин жогору баалады.Ошондой эле Алмазбек Атамбаевди Тажикстанга расмий сапар менен барууга чакырды.
Эки лидер ар тараптуу кызматташтыктын актуалдуу маселелерин талкуулап, эки өлкөнүн мамлекеттик органдарына өз ара байланышты чыңдоону активдештирүүнү баса белгилешти.