Эне-баланы коргоо улуттук борборунун директорунун илимий иштер боюнча орун басары Турсун Мамырбаеванын билдиришинче, өлкө аймагындагы 5 жашка чейинки балдардын 33 пайызы туура эмес тамактануудан жабыркашат. "Анын айынан балдардын бойлору кичирээк болуп, ашыкча салмактуулуккка көбүрөөк кабылып жатышат",- дейт Т.Мамырбаева.
Ун өндүрүүчү компаниялар деле унду керектүү витаминдер менен байытууну колдой тургандыгын билдиришүүдө. Мындай ойлорун алар "Унду байытуу" маселесин карай турган парламенттин Экономика жана фискалдык саясат боюнча комитетинин жыйынында да далилдеп беришерин билдиришти.
Бул маселе Жогорку Кеңештин кийинки жыйындарында карала турган болду.