Жантөрө Сатыбалдиев "Кумтөр" тууралуу: "Эгер 2014-жылы "Центерра" ишкананы натыйжалуу башкара албаганы билинсе, жаңы башкаруучу дайындалат"
"Эгер 2014-жылы "Центерра" "Кумтөр" ишканасын натыйжалуу башкара албаганы аныкталса, жаңы башкаруучу дайындалат". Муну КСДП фракциясынын бүгүнкү жыйынында премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев айтты. Ал билдиргендей, мындай учурда сырттан башкаруучу дайындалат. Айта кетсек, "Кумтөр" боюнча канадалык компания менен кыргыз өкмөтү биргелешкен ишкана түзүү тууралуу макулдашкан. Ага ылайык "Кумтөрдүн" кирешеси эки тарапка 50-50 пайыздан бөлүнөт. Мекеменин директорлор кеңешин кыргыз тараптын өкүлү башкара турган болду. Бул маселе жакын арада парламентте карала турганы айтылууда.