Жантөрө Сатыбалдиев "Кумтөр" боюнча меморандум аткарылбай калчу болсо жоопкерчиликти моюнга алам" дейт
Өкмөт башчы Жантөрө Сатыбалдиев "Кумтөр" боюнча кыргыз өкмөтү менен канадалык компаниянын ортосунда кол коюлган меморандум аткарылбай калчу болсо толук жоопкерчиликти моюнга ала турганын айтты. Премьер-министр мындай пикирин бүгүн, 14-сентябрда КСДП фракциясынын жыйынында билдирди. "Кумтөр" саясий долбоор. Анын саясатын кыргыз тарап төрагалык кылган директорлор кеңеши аныктайт",- деди Сатыбалдиев. Айта кетсек, "Кумтөр" боюнча канадалык компания менен кыргыз өкмөтү биргелешкен ишкана түзүү тууралуу макулдашкан. Ага ылайык "Кумтөрдүн" кирешеси эки тарапка 50-50 пайыздан бөлүнөт. Мекеменин директорлор кеңешин кыргыз тараптын өкүлү башкара турган болду.