Сириядагы химиялык курал боюнча Орусия-АКШ сүйлөшүүсү аяктады. Жыйынтыгы жакын арада жарыяланат

Бүгүн, 14-сентябрда Орусиянын Тышкы иштер министри Сергей Лавров менен АКШнын мамлекеттик катчысы Жон Керринин Сириядагы химиялык курал боюнча Женевадагы сүйлөшүүсү аяктады. Бул тууралуу Орусиялык ММКлар жарыялашты. Журнилисттердин алдына чыккан Лавров "Сүйлөшүүлөр эң жакшы нукта өттү",- деп билдирди. Жакынкы сааттарда сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгы боюнча расмий билдирүү жасалары күтүлүп жатат. Айта кетсек, буга чейин АКШ президенти Барак Обама Сирия бийлиги өлкөдө химиялык курал колдонду деп айыптап, өлкөгө аскердик сокку уруу чечимин кабыл алган эле. Буга Орусия президенти Владимир Путин каршы чыккан жана конфликт тынчтык жолу менен чечилиши керектигин айтып, Сириядагы химиялык куралды эл аралык көзөмөлгө алып чыгууну демилгелеген. Орусиянын демилгесин Сирия өзү баш болуп дүйнөнүн көптөгөн өлкөлөрү колдоого алышты. Лавров менен Керринин сүйлөшүүсү 3 күн бою өтө татаал маанайда жүргөнү айтылды.  
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан