16-сентябрда түнкүсүн айрым жерлерде жаан жаап, тоолордо кар жаайт. Күндүз Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда жаан жаап, калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундуна 4-9 метрге чейин жетет. Республика боюнча күтүлгөн абанын температурасы төмөндөгүдөй:
Чүй облусунда күндүз +17...+22°C, түнкүсүн +5...+10°C
Талас облусунда күндүз +16...+21°C, түнкүсүн +2...+7°C
Ош жана Жалал-Абад облустарында күндүз +20...+25°C, түнкүсүн +8...+13°C
Баткен облусунда күндүз +19...+24°C, түнкүсүн +6...+11°C
Ысык-Көл облусунда күндүз +16...+21°C, түнкүсүн +5...+10°C
Нарын облусунда күндүз +17...+22°C, түнкүсүн +1...+6°C
Бишкек шаарында күндүз +19...+21°C, түнкүсүн +6...+8°C
Борбор калаада түнкүсүн мезгил-мезгили менен жамгыр жаап, күндүз жаан-чачын болушу күтүлбөйт.