Жалал-Абад. Облус спортчулары "Ысык-Көл-2013" оюндарынан жеңиш менен кайтышты
Жалал-Абад ОИИБинин алдындагы "Динамо" спорттук клубу жаңыланып, аялдар жана эркектер арасында волейбол боюнча курама команда түзүлгөн эле. Алар 4-сентябрдан 12-сентябрга чейин Чолпон-Ата шаарында өткөн "Ысык-Көл-2013" оюндарынан жеңиш менен кайтышты. ОИИБ билдиргендей, бул мелдеште 1-орунду "Динамо-2" командасы алса, 3-орунду "Динамо-1" командасы ээледи. Жеңүүчү спортчуларды ОИИБинин башчысы Жеңишбек Жоробеков кабыл алып, каалоо-тилегин айтты. Ысык-Көл оюндарына Кыргызстан, Орусия, Казакстан, Кытай, Түркмөнстан, Тажикстан жана Азербайжандын спортчулары катышты.