Ысык-Көл облусунда алма фестивалы өтөт

21-сентябрда Ысык-Көл облусунун Кара-Ой айылында алма фестивалы өтөт. Уюштуруучулар билдиргендей, иш-чаранын максаты – ишкерлерди бул жемиштин түрлөрү менен тааныштырып, аны кантип өстүрсө, иштетсе боло тургандыгы тууралуу маалымат берүү. Алма фестивалы багбандар, сатып алуучулар жана алманы иштетүүчүлөрдүн ортосунда мыкты байланыш түзүүгө өбөлгө болот. Фестивалдын алкагында ишкерлер Ысык-Көл жана Нарын облустарынын жана Франция, Швейцария мамлекеттеринин багбандары менен жолугушуп, тиешелүү кеңештерди ала алышат. Иш-чара кызыктуу оюн-зоок программасы менен коштолот. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан