Кыргызстандыктар Германияда өтүүчү айыл чарба жарманкесине катышат
Кыргызстандыктар Германияда январь айында өтүүчү “Жашыл
жума-2014” айыл чарба жарманкесине катышат. Бул тууралуу Айыл чарба жана
мелиорация министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. Маалым болгондой, бул
жарманкеге Кыргызстан 5 жылдан бери катышып келет. “Өткөн жарманкелердин
жыйынтыгында Кыргызстандын балына, кыямына, төө буурчагына жана кургатылган
жемиштерине талап чоң экени белгилүү болду”,- деп жазылган билдирүүдө. Ошондой
эле бул иш-чарага 40 мамлекет катышары белгилүү болду. Фестивалдын алкагында ар
түрдүү семинарлар, конференциялар өткөрүлмөкчү.