Ош шаарына Бишкектегидей гүл саат орнотулат

Ош шаарына Бишкектегидей гүл саат (жер бетине атайын жасалган чоң саат) орнотулат. Ош мэриясынын Жаштар иштери боюнча комитетинин билдиришинче, саат С.Ибраимов атындагы Ош Улуттук драма театрынын жанына коюлмакчы. “Учурда Санкт-Петербург шаарындагы гүл саат жасоочу адистер менен сүйлөшүп жатабыз. Сааттын баасы 650 миң сомду түзөт, азырынча бизде 400 миң сом бар. Калган акчаны шаардыктардан чогултсакпы деп турабыз. Каалоочулар шартына жараша салым кошсо болот. Саат октябрь айына даяр болуп калат”,- дейт комитеттин адиси Медер Абдыманапов. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан