Бүгүн, 16-сентябрда Мамлекеттик тил күнүнө карата Ош шаарынын мамлекеттик тил комиссиясынын адистери шаардагы “Олимп” орто мектебинде кыргыз тил мугалимдеринин катышуусунда илимий конференция өткөрүшөт. Мындан сырткары №52-орто мектепте шаардагы башка улуттардын өкүлдөрү катышкан “Ырдайлы кыргыз ырларын” аттуу сынак уюштурулмакчы. Иш-чаралардын максаты кыргыз тилин өнүктүрүүгө салым кошуу экенин мэриянын мамлекеттик тил боюнча комиссиясынын жетектөөчү адиси Эркайым Маматкерим кызы билдирди.