Жалал-Абад. Жалал-Абад - Казарман унаа жолунда автокырсык болуп, 2 адам көз жумду
Жалал-Абад - Казарман унаа жолунун 17-чакырымында жол кырсыгы болуп, 2 адам көз жумду. Хундай Портер унаасы менен Фольксваген Гольф-3 кагышып, каза болгондордон башка 3 адам ар кандай жаракат алышты. Окуя 15-сентябрда саат 13:00 чамасында болгонун ОИИБинин басма сөз кызматы билдирди. Фольксвагендеги 2 адам каза тааптыр. Ал эми жаракат алгандар ооруканага жеткирилди. Учурда кырсыктын келип чыгуу себептери териштирилип жатат.