17-сентябрда саат 8:00дөн 21:00гө чейин Бишкектеги Юнусалиев көчөсү боюнча Койбагаров көчөсүнөн Горький көчөсүнө чейинки, Горький көчөсү боюнча Юнусалиев көчөсүнөн Элебаев көчөсүнө чейинки турак жайларга, № 3, 4, 5, 6, 7, 8-кичи райондорго, “Орто-Сай” соода комплексине, “Бета-Сторес-2” соода түйүнүнө, № 3, 17, 20, 64, 34-орто мектептерге, №26-мектеп-гимназиясына, № 123, 126, 127, 134, 133, 109, 104, 71, 138, 135, 174, 142, 10-бала бакчаларына, “Келечек” мектебине, №1-шаардык балдардын кургак учукка каршы ооруканасына, №6, 19-үй-бүлөлүк дарыгерлер борборуна, №5-шаардык стоматологиялык поликлиникасына, “Космопарк” соода борборуна, №4, 5-төрөт үйлөрүнө, наркология борборуна жана башка социалдык маданий объектилерге убактылуу таза суу берүү токтотулат. Мэриянын басма сөз кызматы билдиргендей, бул чектөөлөр 7-кичи районундагы суу берүү түйүнүндө курулуш-монтаждоо иштеринин жүрүп жаткандыгына байланыштуу болот. “Бишкексууканал” башкармалыгы келтирилген оңтойсуздуктар үчүн шаар тургундарынан кечирим сурайт жана таза суунун керектүү өлчөмүн алдын ала камсыздап алууну эскертет.