Өзгөндө пара алып жаткан жеринен ЖАМКнын кызматкери кармалды
Ош облусунун Өзгөн райондук прокуратурасы аталган райондогу ЖАМК кызматкерине карата кылмыш ишин козгоду. Башкы прокуратура билдиргендей, аталган кызматкер "пара талап кылуу", "кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу" беренелери боюнча айыпталууда. 11-сентябрда Өзгөн райондук прокуратурасына А.Э. аттуу жаран кайрылып, Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын Талант жана Абдырасул аттуу кызматкерлери бирөөнү кылмыш жоопкерчилигинен мөөнөтүнөн эрте бошотуу убадасы менен акча талап кылып жатканын айтыптыр. Ыкчам чара көрүлүп, ЖАМКнын улук инспектору С.А. 4 миң сом пара алып жаткан учурда иш бөлмөсүнөн кармалды. Бүгүнкү күндө ал РИИБинин СИЗОсунда. Аталган факты боюнча териштирүү иштери жүрүп жатканы кабарланды.