“Ош шаарынын борбордук аянтында жайгашкан Лениндин эстелигин оңдоп-түзөөгө шаардык мэрия жооптуу эмес”,- дейт шаардын вице-мэри Дастан Ходжаев. Ал билдиргендей, учурда Лениндин эстелигинин ордуна башка коомдук ишмер же кыргыздын баатырларынын биринин эстелигин коюу боюнча көптөгөн сунуштар түшүп жатыптыр. Буга байланыштуу анын ордуна башка инсандын эстелигин коюу маселеси карала турганын айтты вице-мэр. Айта кетсек, Лениндин эстелиги 1975-жылы курулуп, бийиктиги 25 метрди түзөт.