14-сентябрда саат 04:00 чамасында Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын “Бүркүт” мобилдүү отрядынын командири Абдрасул Пусуров жол кырсыгынан каза тапты. Кырсык шаардагы Гапар Айтиев көчөсүндө болду. Эки автоунаанын кагылышуусунан Абдырасул Пусуров окуя болгон жерден эле каза болуптур. Кырсыкка катышкан Кара-Суу районунун жашоочусу Ю.И. учурда убактылуу кармоочу жайда экенин Ош ШИИБнин басма сөз кызматынын башчысы Замир Сыдыков билдирди. Маалымат үчүн: А.Пусуров 1969-жылы Араван районунда туулган, 44 жашта болчу. Артында жубайы, 2 уул, 1 кызы калды.