Социалдык өнүктүрүү министрлигинин коомдук кабылдамасына жыл башынан бери 882 адам кайрылган

Социалдык өнүктүрүү министрлигинин коомдук кабылдамасына жыл башынан бери 882 кайрылуулар жана арыздар келип түшкөндүгүн министрликтин басма сөз кызматы билдирди. Алардын 16,3 пайызы мамлекеттик жөлөк пулдарга байланыштуу болсо, 13,6 пайызы жеңилдиктерди берүүгө багытталган, ал эми 12,8 пайыз жарандар материалдык жана гуманитардык жардам сураган болсо, 11,1 пайыз кайрылуулар ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдардан келип түшкөн. Ал эми аймактар боюнча Бишкек шаарынан көп арыздар түшкөн (42,8 пайыз), ал эми Чүй облусунан 19,4 пайыз, Ысык-Көл облусунан 9,3 пайыз, Ош облусунан 8 пайыз, Нарын облусунан 7,3 пайыз, Талас облусунан 3,7 пайыз, Баткен облусунан 3,4 пайыз кайрылуу келип түшкөн.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан