Бишкек - Ош унаа жолундагы Төө-Ашуу тоннелинен жарылуучу зат табылганын Чүй ОИИБи кабарлады. Өткөн аптанын аягында Жайыл РИИБинин нөөмөт бөлүмүнө ИИМдин коргоо бөлүмүнүн кызматкерлеринен маалымат түшөт. Билдирүүдө аталган тоннелден көк түстүү баштык табылганы айтылган. Окуя болгон жерге барган сапёрлор баштыктагы колго жасалган жарылуучу зат экенин аныкташты. Тоннелде күзөттө турган милиция кызматкери баштыкты Хонда Степвагон унаасында бара жаткан бирөө таштап кеткенин билдирет. Бардык постторго аталган унааны кармоо боюнча тапшырма берилип, шектүү унаанын айдоочусу "Сосновка" постунан кармалды. Фактыга байланыштуу бардык материалдар УКМКнын Чүй облусундагы башкармалыгына өткөрүлүп берилип, учурда тергөө жүрүп жатканы айтылды.