Бүгүн, 16-сентябрдагы ЖКнын Коргоо жана коопсуздук комитетинин жыйынына мурдагы депутаттар
Садыр Жапаров, Талант Мамытов жана мурдагы тышкы иштер министри Аликбек
Жекшенкулов катышууда. Белгилүү болгондой, тармактык комитеттин бүгүнкү жыйынында
УКМК 2-сентябрда жарыялаган чуулуу видео боюнча маселе каралат. Тактап айтканда, "Кумтөр" боюнча оппозициянын пландары тууралуу айтып берген Эрланбек Өмүралиевдин маалыматынын негизинде талкуу болот.
Айта кетсек, видеодо оппозиция алдына 3
долбоор койгону айтылат. Биринчиси "Кубакы" деп аталып, Ысык-Көлдө
унаа жолдорун тосуу, экинчиси "Юпи" - Нарын дарыясын химиялык каражаттар
менен ууландырып, буга бийликти күнөөлүү деп табуу. Үчүнчүсү азырынча белгисиз
экендигин, бирок алдынкы экөөнө караганда бул күчтүү план экенин айтат Өмүралиев.