Ош облусунун башчысы Сооронбай Жээнбековдун тапшырмасы менен облустагы бардык ооруканалар текшерилет. Бул тууралуу обладминистрациянын басма сөз кызматынан билдиришти.
Бул текшерүүгө дарыгерлердин дарегине өз ишин эптей албастыгы жана бейтаптардан көп акча талап кылгандыгы тууралуу түшкөн арыздар себеп болуптур. Буга байланыштуу атайын комиссия түзүлүп, ага көз карандысыз эксперттер, өкмөттүн облустагы өкүлчүлүгүнүн аппарат кызматкерлери жана башкалар кирген. Комиссиянын иши өкмөттүн облустагы өкүлчүлүгүнүн кийинки коллегиялык жыйынында каралат.