Президент Алмазбек Атамбаев Бельгияга иш сапары менен кетти
Бүгүн, 16-сентябрда президент Алмазбек Атамбаев
Бельгияга иш сапары менен кетти. Маалыматка ылайык, эки күндүк расмий сапардын
алкагында мамлекет башчысы Бельгиянын жетекчилиги менен жолугуп, Евробиримдик
өкүлдөрү менен сүйлөшүүлөрдү өткөрөт. Белгилей кетсек, Европа биримдиги
2008-жылы “Борбор Азия мамлекеттери менен байланыш стратегиясы” деген программа
кабыл алган. Бүгүнкүгө чейин бул программанын алкагында Кыргызстанга 118 миллион
евро бөлүнгөн.