2014-жылдын январь айынан баштап социалдык кызматкерлердин маянасы көтөрүлөт
Өкмөт 2014-жылдын январь айынан баштап социалдык
кызматкерлердин маянасын көтөрөт. Бул тууралуу бүгүн, 16-сентябрда ЖКнын Социалдык
саясат комитетинде социалдык өнүктүрүү министри Кудайберген Базарбаев билдирди.
Айтымында, ал үчүн мамлекеттик бюджеттен 40 миллион сом бөлүнөт. Өз кезегинде
каржы министринин орун басары Арзыбек Кожошев социалдык кызматкерлердин айлык
акысы 2 эсе көтөрүлүп, орточо маяна 9 миң сом болорун айтты.