15-сентябрда саат 13:30да Жалал-Абад-Казарман жолунда автокырсык болуп, 3 адам каза тапты. Облустук жол кайгуул кызматынын инспектору Нурланбек Асанбековдун айтымында, жаракат алгандар учурда Жалал-Абал шаардык ооруканасында. Ал эми каза болгондор төмөнкүлөр:
1. Асылбек Жороев, 40 жашта, Сузак районунун тургуну
2. Нурийла Айтбаева (Асылбек Жороевдин жубайы), 41 жашта, Сузак районунун тургуну
3. Момуналы Чолпонкулов, 54 жашта, Ноокен районунун тургуну
Жаракат алгандар:
1. Мунарбек Осмонов, 40 жашта, Сузак районунун тургуну
2. Мөлмөл Жанболотова, Сузак районунун тургуну
3. Кубат Жакыпов, 11 жашта, Сузак районунун тургуну
4. Мунара Жакыпова, 7 жашта, Сузак районунун тургуну