Кыргызстанда жумушсуздардын 70 пайызын жаштар түзөт

Кыргызстанда жумушсуз жарандардын 70 пайыздан ашыгын жаштар түзөт. Муну бүгүн, 16-сентябрда эмгек, миграция жана жаштар министри Алиясбек Алымкулов билдирди. Айтымында, аталган министрлик бул кырдаалдан кантип чыгуунун жолун издеп жатыптыр. Алымкулов учурда жаштарга бош орундар жарманкелери уюштурулуп, чет өлкөдөгү иш орундары тууралуу маалыматтар берилип жатканын кошумчалады. "Чет өлкөдө же өз мекенинде иштөө жаштардын өз эркинде",- деди министр.   
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан