Жалал-Абад. Кара-Көл шаары электр энергиясын сатуудан түшкөн пайдадан үлүш алуу менен жылына кошумча 30 миллион сом таба турганы айтылууда

Жалал-Абад облусунун Кара-Көл шаарындагы ГЭСтер өндүргөн электр энергиясын сатуудан түшкөн кирешенин 2 пайызы жергиликтүү бюджетке түшөт. Муну шаардын мэри Мамбет Койчуев 16-сентябрда билдирди. "Ушул  жылдын аягына чейин шаардык бюджетке 8 миллион 963 миң сом түшөрү күтүлүүдө. Ал эми бир жылда кошумча 25-30 миллион сом киреше түшүп турмакчы",- дейт шаар мэри. Өкмөттүн жаңы токтомунун негизинде мындай мүмкүнчүлүккө Таш-Көмүр шаары жана Токтогул, Ат-Башы райондору дагы ээ болорун кошумчалады мэр.  
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан