"Кумтөр" учурда 78 компанияны тейлейт",- деп билдирди 16-сентябрда ЖКнын Бюджет жана финансы комитетинин жыйынында "Кыргызалтын" ишканасынын башчысы Дилгер Жапаров. Ал эгер ишканада алтын өндүрүү процесси токтосо, аны кайра жандантуу үчүн көп акча каражаты жумшала турганын айтты. Жапаров өкмөт менен сүйлөшүү жүргүзүү учурунда юридикалык жана каржылык компаниялардын кызматы үчүн 50 миллион сом сарпталганын кошумчалады.