Эртең, 17-сентябрда ажылык сапарга баруучу зыяратчылардын биринчи тобу Бишкектен учуп кетишет

Эртең, 17-сентябрда ажылык сапарга баруучу зыяратчылардын биринчи тобу Бишкек шаарындагы "Манас" Эл аралык аэропортунан саат 10:20да учушат. Муфтияттын басма сөз кызматы билдиргендей, 196 адам Меккеден 90 чакырым алыстыкта жайгашкан Жидда шаарына конот. Белгилүү болгондой, зыярат кылууга жөнөтүлүүчү жарандар эмдөөдөн өтүшкөн. Белгилей кетсек, быйыл ажылык сапарга 3600 киши барат. Ош облусунан 816, Ош шаарынан 288, Жалал-Абад облусунан 768, Баткен облусунан 288, Талас облусунан 48, Нарын облусунан 48, Ысык-Көл облусунан 96, Чүй облусунан 672, Бишкек шаарынан 288 киши барат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан