Тайырбек Сарпашев: “Кумтөр” долбоору боюнча биргелешкен ишкана куруу – бул саясий чечим”

“Кумтөр” долбоору боюнча биргелешкен ишкана куруу – бул саясий чечим”,- деди бүгүн, 16-сентябрда ЖКнын Бюджет жана финансы комитетинин жыйынында вице-премьер-министр Тайырбек Сарпашев. Айтымында, мурун келишимдер туура эмес түзүлгөндүктөн, ушундай чечим кабыл алууга туура келген. “Эгер “Кумтөр” нөлдөн башталган долбоор болгондо, анда "Centerra Gold Inc." компаниясы менен болгон сүйлөшүүлөр башкача өтмөк. Кенди иштетүү боюнча келишим өлкөнүн мурунку жетекчилери тарабынан өзгөртүлгөндүктөн сүйлөшүү оор болду”,- деди ал. Өз кезегинде депутат Элмира Жумалиева өкмөт жана компания тарабынан түзүлгөн меморандум боюнча чечим кабыл алуу мүмкүн эмес экендигин билдирди.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан