Кыргыз-кытай чек арасындагы "Торугарт", "Эркеч-Там" текшерип өткөрүү бекеттери 19-сентябрдан 22-сентябрга чейин жабылат. Бул тууралуу Мамлекеттик чек ара кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, бул чектөө Кытайда Ай жана Түшүм майрамын өткөрүүгө байланыштуу болот. Мындай сунушту Кытай тарап киргизгени белгилүү болду.