Эртең, 17-сентябрда Нарын шаарынын 145 жылдыгы белгиленет, буга байланыштуу шаардагы бир катар имараттар жаңылануудан өттү. Учурда иш-чаранын программасы бекитилип, майрамдык салтанатка даярдыктар көрүлүп жатканын мэриядан кабарлашты. Борбордук аянтка заманбап үлгүдөгү сахна жасалып, белгилүү эстрада жылдыздары катышкан концерт уюштурулуп, соңунда фейерверк аттырылат. “Кур-Терек” ат майданында улуттук ат оюндары өтөт. Майрамдык салтанатка жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, облустун кадырлуу коноктору жана өкмөттөн келген кызматкерлер, парламент депутаттары катышмакчы.