Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети оппозициянын өлкөдө баш аламандык жаратууга карата көрүп жаткан аракеттери тууралуу айтып берген Эрланбек Өмүралиевдин билдирүүсүн кароону убактылуу токтотуп турууну Жогорку Кеңештен суранды. Муну бүгүн, 16-сентябрда парламенттин Коргоо жана коопсуздук боюнча комитетинин жыйынында УКМКнын төрагасынын орун басары Дүйшөнбек Чоткараев айтты. Анын билдиришинче, учурда бул иш боюнча тергөө жүрүп жатат. Депутаттар маселени башка күнгө жылдыруу жана жабык эшик артында кароо сунуштарын билдиришти. Жыйынга катышкан мурунку депутат Садыр Жапаров: "УКМК Өмүралиев айткан сөздөр чын деп айтышыбызды талап кылууда. Бул маселе жабык же ачык каралабы, мага айырмасы жок, биз оюбузду айтышыбыз керек",- деди. Ал эми экс-депутат Талант Мамытов бул жыйынды журналисттердин катышуусунда өткөрүү сунушун айтты.