Бүгүн, 16-сентябрда ЖКнын Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүгүү боюнча комитети менен Эл аралык иштер боюнча комитетинин биргелешкен жыйыны болуп, анда Бишкекте 9-сентябрда кол коюлган, өкмөттүн, “Кыргызалтын” ишканасынын жана “Центерра Голд Инк.” компаниясынын ортосунда “Кумтөр” долбоору боюнча өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандум каралды.
Талкууда депутат Жылдызкан Жолдошова биргелешкен ишкана түзүүдөгү 50 пайыздык акция Кыргызстан үчүн жетиштүү эместигин, ал 70 пайыздан кем болбошу керектигин билдирди. Эл өкүлү меморандумду жактыруу эмес, анын шарттарын кайра кароону сунуштады.
Депутат Нурлан Төрөбеков жүргүзүлгөн сүйлөшүүгө катышкандардын коомчулук астындагы жоопкерчилиги тууралуу маселени көтөрдү. Ал депутаттар тарабынан айтылган сын-пикирлерди эске алуу менен меморандумду жактырууну сунуш кылды.
Депутат Абдимуталип Кочкорбаев биргелешкен ишканада Кыргызстандын үлүшүн көбөйтүү зарылдыгын айтып, ал үчүн “Центерра Голд Инк.” компаниясы менен сүйлөшүүлөрдү улантуу керек дейт.
Жыйынтыгында комитеттердин биргелешкен жыйынында меморандумду Жогорку Кеңештин кароосуна жиберүү боюнча чечим кабыл алынды.