Өмүрбек Текебаев: "Кумтөр" боюнча "Центерра" менен өкмөттүн сүйлөшүүсүнө президент аралашпашы керек болчу"

"Кумтөрдөгү" Кыргызстандын үлүшү 67 пайыздан кем болбошу керек",- деди "Ата Мекен" партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев 16-сентябрда "Азаттыктагы" түз эфир учурунда. Депутат өкмөт менен "Центерра" компаниясынын сүйлөшүүсү кызуу жүрүп жаткан учурда президент Алмазбек Атамбаев теледен "Кумтөр" боюнча маек берип туура эмес кадамга барды деп эсептейт. Анткени "Центерра" "Кумтөрдөгү" Кыргызстандын үлүшүн улам көтөрүп бара жаткан учурда президент "ишканадагы Кыргызстандын үлүшү 50 пайыз болсо чоң жетишкендик" деген сөз айтты. Бул сөздү уккан "Центерра" үлүштү 50 пайыздан жогору көтөрүүдөн баш тартты деген ойдо Өмүрбек Текебаев.  

"Президент, өкмөт башчы, "Кыргызалтын" баш болуп "Кумтөрдөгү" кыргыз тараптын үлүшү 50 пайыз болсо чоң ийгилик деп жатса, "Центерра" үлүштү андан ары көтөрмөк беле?! Кыргызстандын байлыгы кыргызга гана иштеш керек, бул маселеде өлкө жетекчилиги да, карапайым калк да ынтымакта, сөзүбүзгө бекем туруп гана ийгиликке жетишебиз. Талапты катуу коюп, сүр көрсөтүп турганда "Центерра" ишканадагы кыргыз тараптын үлүшүн 67 пайызга чейин көтөрмөк. "Кыргызалтын" башында "кокуй, "Центерра" үлүшүбүздү көтөрө албайт" деп жатты эле, мына, көтөрсө болот экен го",- деди Өмүрбек Текебаев.  

Айта кетсек, бир нече айдан бери өкмөт менен канадалык "Центерра" компаниясы сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, жакында биргелешкен ишкана түзүү, "Кумтөрдү" биргелешип башкаруу меморандумуна кол коюлду. Ага ылайык, "Кумтөрдөгү" пайда эки тарапка 50х50 пайыздан бөлүнөт. Ал эми алтын кенинин Директорлор кеңешинин төрагасы кыргыз тараптын өкүлү болмокчу. Жакында бул меморандум парламентте каралат.

"Кыргызалтын" ишканасынын башкармалыгынын башчысы Дилгер Жапаровдун айтымында, эгер меморандумду Жогорку Кеңеш колдобой койсо, анда "Кумтөр" келишимин денонсациялоо процесси башталат. 

Өмүрбек Текебаев: "Кумтөрдөгү" Кыргызстандын үлүшү 67 пайыздан кем болбошу керек" 3-бөлүк
Өмүрбек Текебаев: "Кумтөрдөгү" Кыргызстандын үлүшү 67 пайыздан кем болбошу керек" 2-бөлүк
Өмүрбек Текебаев: "Кумтөрдөгү" Кыргызстандын үлүшү 67 пайыздан кем болбошу керек" 1-бөлүк
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан