Ысык-Көл. Тоң районунун Жер-Үй айылын каптаган селдин кесепети жоюлду
16-17-августта Тоң
районунун Болот Мамбетов
айыл өкмөтүнө караштуу Жер-Үй айылында
катталган табийгый кырсыктан улам тоо башындагы көл
ташып, жайлоодогу малчылар менен айыл
элин байланыштырып турган жолду жараксыз абалга алып келген. Тоң
районунун мамлекеттик администрациясынын кайрылуусунан кийин "Кумтөр"
7 тонна күйүүчү
май жана 2 техника бөлүп берип,
бүгүнкү күндө
тазалоо иштери соңуна
чыкты. Техникалардын жана
кызматкерлердин ыкчам иш-аракеттеринин натыйжасында учурда бузулган суу каналы жана жайлоого кетчү
жол калыбына келтирилди. Бул тууралуу обладминистрациянын басма сөз
катчысы Назира Муканбетова кабарлады