Ош. Орусияга барып иштейм дегендер атайын курстан акысыз окутулат

Ош мэриясынын жаштар иштери боюнча комитети Орусияга барып иштеп келүүнү каалаган жарандар үчүн акысыз окутуу курсун ачууда. Долбоор шаардагы “Урал үйү” коомдук фонду менен биргеликте уюштурулуп, чет өлкөгө чыгуучуларга укуктук жактан кеп-кеңеш берилип, орус тили окутулат. Долбоор 2 айга созулуп, 25 адам окутула турганы айтылды. “Долбоорго катыша тургандардын жашы чектелбейт”,- дейт комитеттин жетектөөчү адиси Медер Абдыманапов.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан