Кыргызстандагы окуу жайларда Мамлекеттик тилди даңазалоо сабагы өтөт
23-сентябрда Мамлекеттик тил күнүнө карата бардык
окуу жайларда «Эне тилим эчен кылым карыткан, эч ким аны өчүрө албайт тарыхтан»
аттуу темадагы сабак өткөрүлөт. Бул тууралуу Билим берүү жана илим
министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. Сабактын максаты - жаштарга өз элин, жерин, эне тилин жана ата-бабадан
калган улуу мурастарды урматтап аздектөөсү үчүн түрдүү булактардан
маалыматтарды берүү, ошондой эле патриоттуулукка, намыскөйлүккө,
ынтымак-достукка тарбиялоо. "Иш-чарада колдонулуучу каражаттар: КРнын Гимни,
Кыргыз тилинин гимни, кыргыз комузу, «Манас», «Семетей», «Сейтек» жана да кенже
«Курманбек», «Эр Табылды» жана башка эпостор, сүрөттөр, кыргыздын улуттук буюмдары, кийимдери, этнографиялык
мааниси терең экспонаттар жана башкалар",- деп жазылган билдирүүдө.