16-сентябрдан 10-октябрга чейин Бишкек шаарынын жаңы конуштарынын жашоочулары бекер медициналык текшерүүдөн өтүшөт. Бул иш чара Бишкек шаарынын 135 жылдык мааракесин белгилөө алкагында өткөрүлөт. Жаңы конуш тургундары 10 үй-бүлөлүк дарыгерлер тобу тарабынан текшерилип, тиешелүү медициналык жардамдар көрсөтүлөт. Ошондой эле жашоочулар менен жолугушуулар өткөрүлүп социалдык маанидеги оорулар боюнча түшүндүрүү иштери болот.