Зыяратчылардын алгачкы тобу Бишкектен Сауд Арабиясына учуп кетишти
Бүгүн, 17-сентябрда Кыргызстандык зыяратчылардын
алгачкы тобу саат 10:20да “Манас” Эл аралык аэропортунан учуп
кетти. Муфтияттын басма сөз кызматы билдиргендей, зыяратчыларды сапарга узатуу
үчүн муфтий Рахматулла ажы Эгембердиев барды. Белгилей кетсек, бул жылы ажылык
сапарына чыгууга республика боюнча 3600 квота берилген, бүгүн 196 зыяратчы учуп
кетишти. Быйыл 18 учак каттамы болуп, 17-сентябрдан 3-октябрга чейин Бишкектен
Жидда шаарына, ал эми кайра кайтуу 17-октябрдан баштап Жиддадан Бишкек шаарына
болмокчу.