Депутат Өмүрбек Текебаев эл өкүлдөрү кызматтык унаасы жок жүрүшү керектигин айтты
“Ата Мекен” фракциясынын жетекчиси Өмүрбек Текебаев
ЖКнын бюджетин кыскартууга багытталган мыйзам долбоорун демилгелеп жаткандыгын
бүгүн, 17-сентябрда ЖКнын Регламенти жана депутаттык этика боюнча комитетинин
жыйынында билдирди. Айтымында, Кыргызстанда жыл сайын депутаттардын
жардамчыларына 50 миллион сом кетет. “Ар бир депутатка болгону 1 эле жардамчы
берилиши керек. Ошондой эле кызматтык унааларды да кыскартуу керек”,- деди эл
өкүлү. Текебаев билдиргендей, 2012-жылы депутаттардын унаасына 106 миллион 613
миң сом сарпталса, 2013-жылга 105 миллион 562 миң сом керек. “Кызматтык
унааларды ЖКнын жетекчилерине гана калтырыш керек. Ал эми калгандары башка чет
өлкөлөрдөгүдөй эле коомдук унааларды, велосипед же өзүнүн унаасын колдонсо
болот”,- деди эл өкүлү.