"Макмалалтын" ишканасынын жооптуу кызматкерине кылмыш иши козголду
Жалал-Абаддагы Тогуз-Торо райондук прокуратурасы аймактагы "Макмалалтын" комбинатынын жооптуу кызматкерине кылмыш ишин козгоду. Кызматкер кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу ишенип тапшырылган мүлктү мыйзамсыз коротуу беренелери боюнча айыпталып жатканын Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдирди. Комбинаттын борбордук кампасынын башчысы Ж.М. ишкананын башка жооптуу кызматкерлери менен сүйлөшүүгө барып, кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу аркылуу 2012-2013-жылдар аралыгында 10 миллион 810 миң сомдук мүлктү менчиктештирип алыптыр. Комбинаттын акцияларынын 100 пайызы мамлекетке караштуу. Учурда бул факты боюнча териштирүү жүрүп жатканы кабарланды.