17-сентябрга
карата Талас облусундагы 12 900 гектар жердеги кылкандуу дан эгиндеринин
12 830 гектары жыйналып алынып, бул жалпы эгиндин 99,4
пайызы жыйналды дегенди билдирет. Маалыматты бүгүн,17-сентябрда өкмөттүн облустагы өкүлчүлүгүнүн агрардык
секторунун башчысы Абай Шатманов билдирди. Маалыматка таянсак, 10 780 гектардан буудай,
2050 гектардан арпа жыйналыптыр. Учурда
34 322 тонна кылкандуу дан эгиндери топтолсо, анын 30 119 тоннасы буудай. Бүгүнкү күндө эгин жыйноо иштери Талас районунан
башка бардык райондордо толук аяктады. “Буудайдын түшүмдүүлүгү облус
боюнча гектарынан 28,7 центнерден
айланууда же өткөн жылга салыштырмалуу түшүмдүүлүк гектарынан 5,2 центнерге көп болууда”,- дейт Шатманов.