Талас. 17-сентябрга карата таластык дыйкандар 230 миллион сом өлчөмүндө жеңилдетилген насыя алышты
17-сентябрга карата Талас облусундагы 1283 дыйкан, фермер 230 миллион 125 миң сом өлчөмүндө 10 пайыздык жеңилдетилген насыяларды
алышты. Өкмөттүн облустагы өкүлчүлүгүнүн аймактарды өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы Казыбек
Медетбековдун билдиришинче, берилген насыялардын 25 миллион 019 миң сому дыйканчылыкты, 205
миллион 106 миң сому мал чарбачылыгын өнүктүрүүгө багытталды. Бүгүнкү күндө таластык дыйкандар өкмөт бөлгөн
кредиттин 76 пайызын алып колдонушууда.