Талас облусунда төө буурчактын баасы өткөн жылдарга салыштырмалуу кымбат болууда. Бул тууралуу бүгүн, 17-сентябрь күнү өкмөттүн облустагы өкүлчүлүгүнүн агрардык
секторунун башчысы Абай Шатманов айтты. Таластык
дыйкандар 2010-жылы төө буурчактын килограммын 30-33 сомдон сатышса, 2012-жылдын декабрь айында баа 60 сомго чейин көтөрүлгөн. Ушул жылдын 17-сентябрына карата төө буурчактын баасы 75 сомдон ашканы айтылды.
Таластын бренди болгон төө буурчак быйыл 46 721 гектар
жерге эгилип, анын 17 782 гектары жыйналып алынды. Бул жалпы түшүмдүн 38 пайызы жыйналганын билдирет.