Жалал-Абад. Борбордук базардагы азык-түлүктөр текшерилди
Борбордук базар текшерилди
Башка күндөрү кийбеген ак халатты сатуучулар бүгүн кийип алышканы көрүндү
Базардагы ашканалардын биринин кире бериши
Санитардык талапка жооп бербеген ашкана
Бул сатуучунун санитардык китепчеси жок болуп чыкты
Сактоо мөөнөтү өтүп кеткен азык-түлүк саткандар да белгилүү болду
Эт базарынан...
Жабылбаган этке чымын-чиркей конуп жатат
Айрым эт сатуучулар комиссия текшерип жатканын угуп күркөлөрүн жаап кетишиптир. Бул малдын өпкөсүн жашырууга үлгүрбөй калса керек
Бүгүн, 17-сентябрда Жалал-Абад шаарынын борбордук базарында сатыкта турган азык-түлүктөр текшерилди. Алардын санитардык абалы, чыгарылган мөөнөтү жана патенттерин атайын түзүлгөн комиссия кароодон өткөрүштү. Иш-чарада айрым сатуучулардын санитардык китепчеси жок болуп чыкса, сактоо мөөнөтү өтүп кеткен жаш балдарга берилчү тамак-аштарды сатып жаткандар кармалганын базардын санитардык кызматкери Анархан Режевалиева билдирди. "Эт саткан соодагерлердин санитардык китепчелери бар болчу. Бирок алар отурган базардан өрт чыкканда китепчелери жана башка документтери кошо күйүп кетиптир. Антсе да тазалыкты сактоо үчүн эттин үстүнө аба өтүп туруучу материал жаап койгула деп талап коём",- дейт ал. 10 күндөн кийин базар кайрадан текшерилип, эгер эч кандай өзгөрүү болбосо талапты сактабаган соодагерлерге чара көрүлөрүн комссия мүчөлөрү айтышты.
Автор: Кенже Тынымбек кызыФото: Кенже Тынымбек кызы