Президент Алмазбек Атамбаевдин Европа союзуна жасаган расмий сапарында Европа инвестициялык банкы менен кызматташуу тууралуу макулдашууга кол коюлду

Бүгүн, 17-сентябрда Брюсселде президент Алмазбек Атамбаевдин Европа союзуна жасаган расмий сапарынын жүрүшүндө Кыргызстан менен Европа инвестициялык банкынын кызматташуусу тууралуу макулдашууга кол коюлду. Бул тууралуу Президенттик аппараттын маалыматтык саясат бөлүмү билдирди. Расмий сапардын жүрүшүндө  президент Алмазбек Атамбаев  Европа  парламентинин төрагасы Мартин Шульц, Европа кеңешинин  төрагасы Херман Ван Ромпей, Европа комиссиясынын төрагасы Жозе Мануэль Баррозу менен жолугушуусу пландаштырылууда. Мамлекет башчысы ошондой эле НАТОнун  Башкы катчысы Андерс Фог Расмуссен менен дагы жолугушмакчы.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан