Жалал-Абад. Маданият техникумунун студенттери быйыл стипендия алышпай турганы айтылууда

Жалал-Абад шаарындагы Маданият техникумунун имараты быйыл оңдоп-түзөөсүз, ал эми андагы студенттер стипендиясыз калышты. Анткени, техникумга бул багытта шаардык бюджеттен акча каралбаптыр. Муну бүгүн, 17-сентябрда окуу жайдын жетекчиси Абжалил Таштанов билдирди. Айтымында, шаардык кеңештин депутаттары жылдык бюджетти бекитип жатканда керектүү каражаттар тиркемеге киргизилбей калган. "Имаратты оңдоого 828 миң сом, студенттердин стипендиясы үчүн 150 миң сом бөлүнбөй калды. Буга чейин техникум шаардык бюджеттин эсебинен каржыланчу",- дейт Таштанов. Имарат оңдоого муктаж экенин кошумчалады ал. 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан